Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көл районунда той-ашка барган апалар COVID-19 жуктуруп келишкен, - Б.Түлөбаев

18.09.2020 10:37
1054
Ысык-Көл районунда той-ашка барган апалар COVID-19 жуктуруп келишкен, - Б.Түлөбаев


Ысык-Көл облусунда бир күндө COVID-19 инфекциясы 8 адамдан аныкталды. 


Облустук штабдын маалыматына караганда, кечээ, 17-сентябрга карата 5 адамдан коронавирус инфекциясы лабораториялык текшерүүдөн кийин аныкталган. 


Алардын ичинен Жети-Өгүз районунда 1, Ысык-Көл районунда 4 адамдан табылган. Ал эми Каракол шаарынын 3 тургунунан коронавирус клинико-эпидемиологиялык жактан тастыкталган. 17-сентябрга карата облуста 12 адам коронавирустан айыгып чыккан. 


Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаев Ысык-Көл районундагы тургундар той-ашка барып, коронавирус жуктуруп клишкенин билдирген. 


"Ысык-Көл районунда тойго жана ашка барган апалар коронавирус жуктуруп келишкен. Такыр укпайт экенсиңер. Өзүңөрдү ойлобосоңор да элди ойлогула да", - деп жазган ал. 


 


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Карыбаева Насыйкат
Ооба. Шайлоодо да коп элге жугушу мумкун. Бырылдап грипп болуп атам деп агитация жургузуп, ар бир үйдү аралап жүрүшөт.