Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 09:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматынан кетти

10.08.2020 10:03
1058
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматынан кетти


Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматынан кетти. Бул тууралуу 10-августта өзү билдирди. 


Ал районду 4 жыл башкарганын айтып, бул аралыкта жасалган иштерге токтолгон. 


"Мен бүгүн өз каалоом менен Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы- акими кызматынан кетүүнү чечтим.


Жергиликтүү кеңештин тандоосу менен мындан төрт жыл мурда ушул кызматка келген элем. Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым. Башка өлкөлөрдүн катарында Кыргызстаныбызды да каптаган коронавирус менен күрөшүү оңойго турган жок. Бир тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу, экинчи жагынан эс алуучулардын саламаттыгынын жоопкерчилиги турду. Тилекке каршы районубузда да жоготуулар болду. Бирок, ошого карабай медиктердин, шаар, айыл жаштарынын, ыктыярчылардын, колдоочулардын күжүрмөн эмгеги менен абалды турукташтырууга жетиштик.


Ушул төрт жылда өлкө жетекчилигинин жана өкмөттүн колдоосу, тапшырмасы менен көптөгөн жакшы иштер жасалды. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө акимдин орун басары катары, калган экөөнү аким катары ийгиликтүү өтүшүнө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче далалат көрдүм жана эмгегибиз акталып аталган иш-чаралар жакшы өттү. 


Чолпон-Ата шаарындагы ат-спорттук ипподрому курулду. Районубуздун көпчүлүк айылдарында бала бакча, мектептер салынды. Таза суу тартыш айылдарды суу менен камсыздоо иштери алгылыктуу жүрүп, жолдор төшөлдү. Ирригация системаларынын куруу боюнча ири долбоорлор ишке ашты. Айтор көптөгөн инфраструктуралык иштер аткарылды"- деп билдирген Д.Иманалиев. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн