Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдүн тургундарына облустан тышкары чыгууга тыюу салынды

04.05.2020 09:20
995
Ысык-Көлдүн тургундарына облустан тышкары чыгууга тыюу салынды


Бүгүн, 4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынат. Мындай чечим кечээ, 3-майда облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.

 

Ыкчам штабтын маалыматында, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялар тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат. 


Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын баардыгына тиешелүү. 


Облустук ыкчам штаб бул шарттарга түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн