Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир адам мерт кетип, 18 жаштагы жигит жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарында 26-июнь күнү саат 03:03 чамасында Пристань-Пржевальск айылына бара жаткан унаа жолдо “AUDI A6” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 18 жаштагы эркек адам оор жаракат алган.
Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып
ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп
беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн