«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн 2 июлда жайкы туристтик мезгилдин алгачкы Алматы-Тамчы-Алматы каттамын тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Алматыдан Ысык-Көл областына эл аралык авиамаршрутту SCAT авиакомпаниясы жүргүзүүдө.
Авиакомпания каттамды жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткармакчы.
Учуу убактысы 40 мүнөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн