Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өлкө боюнча 130 медик Ысык-Көлдө эс алып келди

11.08.2020 16:39
1164
Өлкө боюнча 130 медик Ысык-Көлдө эс алып келди


Ысык-Көл облусундагы пансионаттарда өлкө боюнча 130 медициналык кызматкер эс алып келди. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, өкмөт инфекция очокторунда иштеген, COVID-19 жана пневмония менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоону уюштуруу иштерин улантууда. 


"Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көл облусундагы пансионаттарда 130 медик эс алып келди, учурда 170 медик эс алып жатат",- деди өкмөт башчы.   


Буга чейин 10-августта кезектеги медициналык кызматкерлер Ысык-Көл облусундагы «Алтый Жай» пансионатына эс алууга жиберилгени маалымдалган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн