Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө 146 эс алуучу жай мыйзамсыз курулган

22.05.2023 10:50
606
Ысык-Көлдө 146 эс алуучу жай мыйзамсыз курулган


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайларды, пансионаттарды курулуш ченемдерди жана архитектура жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарды сактоосун инвентаризацияны аяктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.


 Мекеме ошондой эле саркындуу сууларды тазалоочу курулмарын мониторингдөө процесси жыйынтыктады.


Маалыматка ылайык, аталган процессти Мамкурулуштун ведомстволор аралык комиссиясы жүргүзгөн.


Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында бардыгы болуп 146 объект аныкталды, анда шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам бузуулар катталган.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 254-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде, Мамкурулуштун облустук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан 146 объект боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн