Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө 15 гр баңгизат менен уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө 15 гр баңгизат менен уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө баңгизат менен уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды.   


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Ысык-Көл РИИБдин БМЖККК бөлүмчүсүнө райондук борбордун тургундарынын бири баңги заттарды мыйзамсыз сактагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Маалымат райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, Ысык-Көл РИИБдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңги заттарды мыйзамсыз сактаган жарандын ким экендигин аныкташкан. Ал КР ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 47-жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну А.А. болуп чыкты.


Жүргүзүлгөн мыйзамдуу тинтүү учурунда, андан политилен баштыкка салынган жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар зат табылып, далил зат катары алынган.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат гашиш баңги затынын түрүнө кирерин жана салмагы 15 грамды түзөрүн аныктаган. 


Учурда, кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн