Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө 16 жаштагы шал оорусу менен ооруган кыз зордукталып, боюна бүтүп калган

12.04.2022 11:27
1909
Ысык-Көлдө 16 жаштагы шал оорусу менен ооруган кыз зордукталып, боюна бүтүп калган

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 16 жаштагы шал оорусу менен ооруган кыз зордукталып, боюна бүтүп калган. Бул тууралуу кыздын энеси кызын зоордуктаган жаранга карата чара көрүүсүн талап кылып укук коргоо органдарына кайрылган. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.


Кыздын энесинин айтымында, кыз ким тарабынан зордукталганын билбейт.


Оорукчан кыздын энеси аны жуунтуп жатып курсагынын чоңойгонун байкап калган. Дарыгерге алып барып, текшерүүдөн өткөндөн кийин кыздын боюнда бар экени аныкталган.


Аталган иш боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жаңылай
Ошол зордуктаган адамды атып же бычып эле салгылачы Адам сымал айбанды тооба