Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ысык-Көлдө 200 орундуу тигүү цехи ачылды

25.04.2023 15:46
681
Ысык-Көлдө 200 орундуу тигүү цехи ачылды

Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 200 орунду тигүү цехи ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, ишкер Абдулла Базарбаевге жеке ишкерлигин баштоого Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду колдоо көрсөтүп, 20 млн сом бөлүп берген.


Ишкана тарабынан өндүрүлгөн аялдардын жана эркектердин сырткы кийимдери Россияга экспорттоого багытталган.


Бүгүн, 25-апрелде цехтин расмий ачылышы болуп, президенттин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, облус башчысы Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн