Баш оона 22, 2025
Убакыт: 22:09
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Ысык-Көлдө 26 млн сомдук бала бакча жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды

05.04.2023 11:35
435
Ысык-Көлдө 26 млн сомдук бала бакча жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылындагы жалпы баасы 26 млн 10 миң сомду түзгөн “Балажан” бала бакчасынын 3 корпустуу имараты жана 4800 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.


Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан козголгон сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен сот органдары тарабынан жогоруда аталган объекттерди жеке менчикке өткөрүү боюнча укук белгилөөчү иш-кагаздары жараксыз деп табылган.


Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган объектилер Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн