Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 02:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ысык-Көлдө 29 мыйзамсыз объектини аныктады

02.02.2023 17:45
252
Ысык-Көлдө 29 мыйзамсыз объектини аныктады

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволор аралык комиссиясы Ысык-Көл районунда 29 мыйзамсыз объектини аныктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.


Маалыматка ылайык, агенттик КР президенттинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында ведомстволор аралык комиссия түзүп, үстүбүздөгү жылы 24-январдан тартып пансионаттардын, эс алуу зоналарынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышына инвентаризация жүргүзүп, ошондой эле Ысык-Көл районунун тазалоочу курулмаларынын мониторингин жүргүзүүдө.


10 күндүн ичинде комиссия Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 29дан ашык мыйзамсыз курулуш объектиси аныктады. Ведомстволор аралык комиссия өз инвентаризациялоону, мониторинг жүргүзүү жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча ишти улантат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.


Эскерте кетсек, Ысык-Көл районунун бардык аймагындагы комиссиянын ишмердүүлүгү 1 айга созулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн