Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө 3 килограммга жакын баңгизат топтогон жаран кармалды

19.08.2022 15:10
382
Ысык-Көлдө 3 килограммга жакын баңгизат топтогон жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун тургунунан 2 килограммдан ашык марихуана алынды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалым болгондой, Ак-Суу РИИБдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлерине Челпек айылынын түштүк тарабындагы талаадан белгисиз азия улутундагы адам баңгизатын чогултуп жүрөт деген маалымат түшөт. 


Аталган маалымат райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголот. Кылмышка шектүүнү өз убагында аныктоо жана кылмыштын бетин изин суутпай ачуу максатында, ошондой эле далил заттарды өз убагында үчүн, кечиктирилгис жеке тинтүү жүргүзүү боюнча тергөө тапшырмалары берилди.  


Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Челпек айылынын четинен 40 жаштагы Каракол шаарынын тургуну, мурда соттолгон М.М. кармалып, анда полиэтилен пакетинин ичине салынган, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынат. Контролдук таразага тартуу учурунда алынган заттын салмагы 2 килограмм 775 граммды түзгөн.   


Соттук-химиялык экспертиза алынган зат баңги заттын марихуана түрүнө таандык экенин аныктаган. 


Райондук соттун чечими менен кылмыш ишин тергөө учурунда шектүүгө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн