Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди

15.10.2020 10:49
835
Ысык-Көлдө жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди


Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада 35 койка-орундуу жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди, алардын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 


Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдүн капиталдык ремонту толук бүткөн жана пайдаланууга берилген.


"Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 койка-орундук жайгашкан. Жаңы жугуштуу ооруканада дагы кошумча 35 койка-орундук болот. 


Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн: өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда. Даярдык иштери толук кандуу жүрүп, түнкүсүн да иштеп жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз деп ойлоп жатабыз", - деди М.Сагынбаев.


Ошондой эле, ал бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектер жана ЖКК жетиштүү санда бар экендигин белгиледи.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн