Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 35 жаштагы киши сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-майда саат 18:44дө Пристань-Пржевальск айылында 35 жаштагы Х.Р. атту эркек киши көлмөгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн