Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө 4 жаштагы кызды издөө учурунда белгисиз жарандын денеси табылды

09.08.2022 16:52
607
Ысык-Көлдө 4 жаштагы кызды издөө учурунда белгисиз жарандын денеси табылды

Суучулдар Ысык-Көлгө чөккөн төрт жаштагы кызды издеп жатып, эркек кишинин сөөгүн таап алышты. Бул тууралуу Балыкчы ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, бүгүн саат 12:45 чамасында ӨКМдин кызматкерлери Тоң райондук ИИБге чалып, көлгө чөккөн төрт жаштагы кызды издөө учурунда белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу кабарлаган.


Маалым болгондой, эркек кишинин сөөгү суучулдар тарабынан Ак-Өлөң айылынын тушунда көлдүн түбүнөн табылган.

Аталган факт райондук милициянын электрондук журналына катталган.

"Текшерүү учурунда сууга чөккөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал 27 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну болуп чыкты. 5-августтан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал эпилепсия менен жабыркачу", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн