Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ысык-Көлдө 4,5 млн сом зыян келтирүүгө шектелип сот аткаруучу кармалды

17.03.2021 09:44
437
Ысык-Көлдө 4,5 млн сом зыян келтирүүгө шектелип сот аткаруучу кармалды

 

2020-жылдын 31-октябрында прокуратура органдарына арыз менен 35 жаштагы У.У. кайрылып, Ысык-Көл райондук сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.


Ысык-Көл ОИББнын басма сөз кызматы маалымдагандай, бул арыз Ысык-Көл райондук прокуратурасынын КЖБРне Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун (Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык жосуну) белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин өткөрүү үчүн материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

 

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмү 16-март күнү райондук прокуратуранын кызматкерлери жана Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен бирдикте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү.


Шектүү адам Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу, Бостери айылынын тургуну А.Э. болуп чыгып, ага Жазык кодексинин 320-беренесинде көрсөтүлгөн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмышка шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилди.


Кылмышка шектелип кармалган А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн