Ысык-Көлдө «Ак-Мөөр Fest» этно фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүнө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.
Фестиваль 22-23-24-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Ѳрнөк айылындагы «Эдельвейс» эс алуу борборунда өтүп, анда республикалык деңгээлде кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээки жашоо образдары чагылдырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн