Быйыл Ысык-Көлдө Борбор Азия жана Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн инвестициялык форуму өтө турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомство министр Жээнбек Кулубаев 14-апрелде Ташкентте Кувейттин, Оман султанатынын ТИМ башчылары менен жолугушуп, анын жүрүшүндө аталган форумга чакырганын кабарлады.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда кызматашуунун келечегин талкуулашканы белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн