Бугу 13, 2024
Убакыт: 22:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көлдө Чүй облусунун тургуну 110 грамм баңгизат менен кармалды

Ысык-Көлдө Чүй облусунун тургуну 110 грамм баңгизат менен кармалды

Ысык-Көлдө Чүй облусунун тургуну 110 грамм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.


Август айынын баш ченинде Ысык-Көл РИИБдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлерине райондун аймагында белгисиз азия улутундагы жаран мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш жаза кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Райондук тергөө кызматы тарабынан ыкчам кызматтарга маалыматта көрсөтүлүп жаткан жарандын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилди. 


Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Ысык-Көл РИИБдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баӊгизаттарын сактап жүргөн шектүү жарандын өздүгүн аныктоого үлгүрүштү. Ал Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну 42 жаштагы Ж.З. болуп чыкты жана жакынкы арада өз автоунаасы менен райондун аймагынан чыгып кетери белгилүү болду.


Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 212-беренесинин 9-бөлүгүнүн (Тинтүү жана алып коюу өндүрүшүнүн негизи жана тартиби) талаптарын жетекчилике алып, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын башкаруусундагы “Тойота Клюгер” автоунаасы Ананьево айылынын четинен токтотулуп, мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда, шектүү Ж.З. өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине целлофан пакетине салынган жапайы кендирдин жыты бар күрөн-кочкул түстөгү өсүмдүктү өткөрүп берген. Алынган далил заттын салмагын өлчөө учурунда, анын салмагы 110 граммды түздү.     


Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды. Кармалган шектүү Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына соттун чечими менен тергөө мезгилине баш коргоо чарасы кабыл алынганча киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн