Ысык-Көлдө банктын кеңсесинен өрт чыкты, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Дос-Кредобанктын" кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлдү.
Жалпысынан 2 чарчы метр имараттын ичи жана бир пластик терезе күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн