Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө Lexus менен Mitsubishi кагылышып, 5 адам каза болду

Ысык-Көлдө Lexus менен Mitsubishi кагылышып, 5 адам каза болду

21-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда Lexus жана Mitsubishi машиналары кагышып, беш киши мүрт кетип, дагы беш адам жаракат алып аймактык ооруканага жаткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.


Чырпыкты айылында болгон кырсыкта каза болгон беш киши тең Mitsubishi автоунаасында бара жатышкан.


“Бул жол кырсыгы Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деди жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн