Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 02:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ысык-Көлдө ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды

14.05.2022 10:25
1026
Ысык-Көлдө ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды

Бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды.


Марафонду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, катышуучуларга ийгилик каалап өттү.


"Марафонду кубануу менен колдойбуз. Анткени калкты дене тарбия менен алектенүүгө үндөп, спорт менен машыгууга чакырабыз", - дейт ал.


Жапаров Борбор Азиядагы эл аралык даражадагы марафон бир гана Ысык-Көлдө өтүп жатканын кошумчалады.


Жарышта 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк күчүн сыноодо.


Катышуучулар төмөнкү аралыкка жүгүрүшүүдө:


- Марафон — 42 чакырым 195 метр;

- Жарым марафон — 21 чакырым 97 метр

- 10 жана 3 чакырым;

- 3 чакырымга скандинавиялык басуу;

- 10 чакырымга скандинавиялык басуу.


Марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда.


Эл аралык мелдеш ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын пропагандалоо максатында өтүүдө.


Марафондун байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.


Эскерте кетсек, 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн