Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө Ташкенттен учуп келген алгачкы учакты суу аркасы менен тосуп алышты

21.07.2023 17:36
269
Ысык-Көлдө Ташкенттен учуп келген алгачкы учакты суу аркасы менен тосуп алышты


Бүгүн «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген алгачкы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салтка ылайык, учакты суу аркасы жана салттуу боорсок менен тосуп алышты.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Өзбекстандын жаңы Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жумасына бир жолу – жума күндөрү учууну максат кылууда.

Ташкенттен биринчи каттам менен 177 жүргүнчү учуп келди, ал эми Ысык-Көлдөн 44 жүргүнчү Өзбекстандын борборуна сапар тартышты.

«МЭА» ААК аталган багытка байланыштуу жана билеттер боюнча суроолор болсо авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн