Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ысык-Көлдө ЖККУнун "Бузулбас боордоштук" машыгуусунун активдүү фазасы башталды

13.10.2023 11:59
250
Ысык-Көлдө ЖККУнун "Бузулбас боордоштук" машыгуусунун активдүү фазасы башталды


Ысык-Көлдө ЖККУнун "Бузулбас боордоштук" машыгуусунун активдүү фазасы башталды.


Тынчтык орнотуучу күчтөрдүн аракети менен даярдыгына Кыргызстан жана Тажикстандын коргоо министрлери Бактыбек Бекболотов менен Шерали Мирзо, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Беларусь Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги, коргоо министринин орун басары Виктор Гулевич, ЖККУнун бириккен штабынын начальниги Анатолий Сидоров жана башка чакырылган коноктор көз салууда.


Машыгууга Кыргызстан, Россия, Беларусь, Тажикстан жана Казакстандын аскер күчтөрү катышып жатат. Мында аскер кызматкерлери Борбор Азиядагы тынчтыкты сактоо боюнча операцияны даярдап, аны жүргүзүүгө даярдыкты көрсөтүшү кажет.


Машыгууга авиация, сооттолгон танк жана автоунаа техникасы, аскер-транспорттук, истребителдик жана армиялык авиация, деңиз кемелери жана учкучсуз учкан аппараттар тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн