Баш оона 22, 2025
Убакыт: 18:01
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөөгө жалпы 218 адам чыкты

20.05.2024 15:38
287
Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөөгө жалпы 218 адам чыкты


Бүгүн Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөөгө жалпы 218 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык жана Түп райондук өрт куткаруу бөлүгүнөн 34 куткаруучу, Ысык-Көл облустук башкармылыгынан 1 офицер, 1 дрон, 2 кайык менен, 10 суучул, 2 моторлуу кайык тартылып, жеринде ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде штаб түзүлдү.

Мындан сырткары, ИИМден 10 кызматкер, 1 моторлуу кайык, жергиликтүү тургундардан 163 адам, 6 кайык, 1 катер, суу астынан тартуучу эхолот камерасы менен, 1 скутер тартылды.

Белгилей кетсек, күн мурун Түп районундагы Жыргалаң суусуна 6 жана 7 жаштагы эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн