Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:35
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ысык-Көлдө адам өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы

26.07.2020 13:17
601
Ысык-Көлдө адам өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы


Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 3 унаа кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыктан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жол кырсык 25-июлда болжол менен саат 21:30 чамасында Балыкчы–Ананьев–Каракол жолунда катталган. Анын кесепетинен 1 адам мерт кетип, эки киши жаракат алган.


"Ысык-Көл районунун 1964-жылы туулган тургуну Ж.К.Т. “Ауди 80” унаасын башкарып бара жатып Ананьев жана Жаркымбай айылдарынын ортосунда рулга ээ боло албай, карама каршы тилкеде келе жаткан “Хонда Степвагон” жана “Хундай Соната” унаалары менен кагышкан. Ж.К.Т. унаасын чыгыштан батышты көздөй башкарып бара жаткан.


Хонда Степвагон унаасын Балыкчы шаарынын 2000-жылы туулган тургуну Т. башкарып жүргөн. Ал эми Хундай Соната унаасынын рулунда Бишкек шаарынын 1959-жылы туулган тургуну Б.С.А. отурган.

Кырсыктын кесепетинен Ауди унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болду. Ауди унаасынын жүргүнчүсү – 1975-жылы туулган С.К.Д., Хундай унаасынын айдоочусу Ананьев айылындагы аймактык ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн