Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды

03.08.2022 17:54
893
Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды

Ысык-Көлдө адам сөөгүнүн калдыктары табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.


Аиша Мурдинованы издөөгө катышып жаткан ыктыярчылар социалдык тармактарда көлдөн адам сөөгүнүн калдыктарын тапканын жазышкан.

Белгиленгендей, 1-август күнү саат 15:00дөр чамасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабында эски балык уулоочу тор менен кошо адам сөөгүнүн калдыктары табылган.

“Аталган факт Ысык-Көл РИИБнин электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат”, - деп белгилешти облустук милициядан.

Эскерте кетсек, буга чейин сууга чөккөн кыздын атасы кайдыгер карабаган жарандардын бардыгын кызын издөөгө жардам берүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштери жүрүп, бирок жыйынтык болбой келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн