Бугу 12, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көлдө алдамчылык менен мал ээлеп алган жарандар аныкталды

02.09.2022 09:25
941
Ысык-Көлдө алдамчылык менен мал ээлеп алган жарандар аныкталды

Ысык-Көлдө мал сатып беребиз деген алдамчылар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,  20-август күнү Балыкчы ШИИБне арыз менен Балыкчы шаарынын тургуну Т.К. аттуу жаран кайрылган, ал арызында ушул эле жылдын 2-июль күнү Тилек аттуу жана жанында белгисиз 2 адам  ишеничине кирип,  ага тиешелүү жылкысын сатып-алмаштырып кайра беребиз деп алдап из орду менен  жок болгундугун билдирген. Жабырлануучуга 80 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Балыкчы шаарынын ИИБнын КБРне  катталып, КЖКнин 209-беренесинин (Урдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. 


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Нарын облусуна караштуу Кара-Суу айылынын 1975 ж.т. тургуну К.Т. аттуу жаран  Тоң районунун сырт аймагынан, жазадан жашырынып жүргөн жеринен Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.  Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүүсүндө, шектүү К.Тнын  аталган кылмышка тиешеси бар шериктеринин   өздүктөрү аныкталып колго түшүрүшүрүлгөн,  алар Балыкчы шаарынын 1991 ж.т. А.Т., 1991 ж.т  К.Ө. жана 1976 ж.т. Э. у К. тургундары болуп чыгышты.  Андан аркы тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар Балыкчы  шаарынын аймагынан  дагы ушул сыяктуу 3 факт,  малды алдамчылык жолу менен ээлеп алуу  боюнча  кылмышка тиешеси бар экендигин  аныкташкан. 

Учурда шаардык соттун чечими негизинде шектүүлөргө эки айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып тергөө амалдары уланууда. 



Тергөө кызматы, кылмышка шектүүлөрдүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдардын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0701067101, 0394432716, 0394432705 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн