Чын курандын 06, 2025
Убакыт: 01:00
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Ысык-Көлдө аскерлер сууга чөгүп бараткан кыздарды куткарып калышты

06.07.2022 11:07
480
Ысык-Көлдө аскерлер сууга чөгүп бараткан кыздарды куткарып калышты


Кечээ, 5-июнда Жети-Өгүз районунун Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган аймакка Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 жана Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ал арада куткаруучулар жерине жеткичекти райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, өмүрүн сактап кала алышкан.

Алар көл жээгине чыгарылган эки жаранды ӨКМдин куткаруучуларына өткөрүп беришкен. Андан соң куткаруучулар Жети-Өгүз менен Липенка айылынын кесилишине чейин алып келип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалымат боюнча кыздардын абалы оор. Алар Липенка айылынын 22 жаштагы А.Б жана А.А. аттуу тургундары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн