Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ысык-Көлдө балдар лагерлери качан иштейт? Облус башчынын жообу

19.06.2020 16:00
1050
Ысык-Көлдө балдар лагерлери качан иштейт? Облус башчынын жообу


Ысык-Көл облусунда балдар эс алуу лагерлеринин иштөөсүнө уруксат бериле элек. Бул тууралуу 19-июнда өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди. 


Анын айтымында, лагерлер 25-июндан тартып иштеп калышы мүмкүн. 


"Адатта 15-июндан тартып балдар эс алуу лагерлери өз ишмердүүлүгүн баштаса, быйыл кырдаалга байланыштуу алардын ишмердүүлүгүнө азырынча уруксат бериле элек. Республикалык штабдын чечими менен балдардын жайкы эс алуу лагерлерине уруксат берүү укугу жергиликтүү бийлик органдарына берилген. Ачылышы 25-июндан тартып болушу мүмкүн", - деди Акылбек Осмоналиев.


Ысык-Көл облусунун аймагында 19 балдар эс алуу лагерлери бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн