Ысык-Көлдө балык кармоо үчүн кетип, дайынсыз болуп жаткан эки адам дагы каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
14-декабрь күнү Тоң району Каджы-Сай айылынын тургундары 2 эркек киши 1948-жылы туулган М.Ю. жана 1965-жылы туулган А.А. балык уулоого чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келишкен эмес.
Бүгүн издөө иштери улантуу үчүн жалпы КР ӨКМнин 33 куткаруучу, 7 суучул жана 1 фельдшер, ИИМден 17 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.
Издөө иштердин натыйжасында саат 14:40 та табылган, куткаруучулар каза болгон жарандардын денелерин жээке чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн