Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө батирлерге уурулукка кирген жарандар кармалды

24.08.2022 11:27
667
Ысык-Көлдө батирлерге уурулукка кирген жарандар кармалды

Каракол шаарында батирдик уурулук менен алектенген кылмыш тобу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.



15-август күнү Каракол ШИИБне жергиликтүү тургун кайрылып, түнкү саат 02.00 чамаларында үйүнө келсе, белгисиз жарандар батиринен жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген. Жабырлануучуга 30 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.


Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция к4ызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандар аныкталып, колго түшүрүлдү. Алар Чүй облусунун 35 жаштагы тургуну У.А. жана Жети-Өгүз районунун 16 жаштагы тургуну Н.А. болуп чыгышты жана алгачкы тергөө сурагында жабырлануучунун үйүнөн буюмдарды уурдашканын толугу менен мойундарына алышкан.


Андан аркы тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар Каракол шаарынын аймагынан дагы 9 факт батирдик уурулук кылышкандарын аныктоого үлгүрүштү. Алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн улам, жабырлануучуларга жалпысынан 240 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.


Тергөө амалдарынын алкагында кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар дагы ушундай кылмыштарга тиешестиги бар, же жогу текшерилүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн