Ысык-Көл облусуна бүгүнкү күнгө карата чет мамлекеттен келген туристтер жок. Бул тууралуу 19-июнда өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдары ушул кезде чет элдик туристтердин саны бир аз көбөйүп калчу.
"Пандемияга байланыштуу чет элдик авиа каттамдар жок болгондуктан бизге чет өлкөлөрдөн туристтер келген жок. Балким, Кыргызстандын ичиндеги чет элдик уюмдарда, элчилик же консулдуктарда иштеген кызматкерлер же Кыргызстанда калган башка өлкөнүн жарандары келиши мүмкүн. Бирок, эс алуу үчүн келген чет элдик туристтер жок", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн