Ысык-Көлдө чет өлкөлөрдөн кайтып келген тургундар үй карантинин сактабагандыктан бүт айыл эли изоляцияга алынды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб маалымдады.
"Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн