19-июль күнү Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында көлгө 25 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө КР ӨКМнин №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 20:30да иш-чаралар убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок.
Бүгүн, 20-июль күнү иш-чаралар улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн