Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы кыз асынып алган абалда табылды

28.10.2021 12:43
674
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы кыз асынып алган абалда табылды

 Тоң районунда изделип жаткан жаш кыздын жансыз денеси табылды. Маалыматты облустук милиция тастыктады.


Маалым болгондой, 26-октябрда Тоң РИИБге 1982-жылы туулган Т.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул эле күнү 19 жаштагы кызы С.А. дайынсыз болуп жатканын билдирген.


Арыздын негизинде С.А.ны табуу максатында шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар берилип, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 27-октябрда саат 07:00 чамасында Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Тоң айылында көл жээгиндеги бастырманын алдынан белгисиз кыздын жансыз денеси асылып турган абалда табылгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.


Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда аталган жерден жаш кыздын жансыз денеси табылган. Ал дайынсыз болуп жаткан С.А. экендиги аныкталып, денени сыртынан кароо учурунда мойнундагы жиптин тагынан башка криминалдык тактар байкалган эмес.


19 жаштагы кыздын жансыз денеси Тоң райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн