Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Ой айылында жайгашкан “Илим” пансионатында 2002-жылы туулган О.Ф. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аны жалпы 4 куткаруучу издеген.
"Саат 16:05те кызды көл жээгинде аман-эсен жүргөн жеринен табышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн