Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан келин табылды

09.04.2021 11:52
775
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан келин табылды

Ысык-Көл облусунан жоголгон келин үйүнө кайтарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, 7-апрель күнү Ысык-Көл районунун Кашат айылынын тургуну өзүнүн 23 жаштагы О.Б. аттуу келининин Балыкчыга тиш оңдоткону кеткен боюнча  кайрылып келбегенине байланыштуу милицияга кайрылган. 


Милициянын ыкчам аракети менен издөө башталып, жоголгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыккан. Жолдошу менен Өрнөк айылынын четинде жашаган.


Милиция ыкчам издөө менен келиндин кайсы жерде экендигин аныкташкан. Аны Чүй облусунун Ак-Суу айылынан табышкан жана үй-бүлөсүнө кайтарылып берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн