Ысык-Көл облусунун аймагында «Мак» операциясынын алкагында 208 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунда «Мак-2020» операциясынын алкагында жай мезгилинин аягына чейин кара куурайды жок кылуу менен алектене турган 49 атайын бригада түзүлгөн. Курамы 234 адамдан турган аталган бригаданын мүчөлөрү тарабынан, июль айынын башынан баштап, 1-сентябрь күнүнө чейин бардыгы болуп жапайы кендирдин 208 тоннадан ашык жашыл массасы жок кылынды.
Жаз айында атайын түзүлгөн комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан облустун 60 миӊ гектардан ашык территориясы изилденип, анын 380 гектар жери жапайы кендир менен жабыркаганы аныкталды.
1-сентябрга карата түзүлгөн атайын бригадалары менен 260 гектар жери жапайы кендирден тазаланган, анын ичинен 51 гектардан ашык жери химия жолу менен жок кылынса, 76 гектар механикалык ыкма менен тазаланган. Ал эми, 133 гектар жери кол менен чабылган.
Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында «Мак-2020» комплекстүү операциясы уланып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн