Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө эки жарандын денесине оор залака келтирүүгө шектелип УКТнын мүчөлөрү кармалды

17.01.2022 09:55
1364
Ысык-Көлдө эки жарандын денесине оор залака келтирүүгө шектелип УКТнын мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көлдө денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 5-январь күнү болжол саат 20.30 чамаларында Балыкчы ШИИБге шаардык ооруканасынан билдирүү түшүп, анда 31 жаштагы жергиликтүү тургуну К.Э. жана 32 жаштагы Тоң районунун тургуну Э.Ч. денелеринен учтуу нерсе менен оор залака алышып түшкөнү маалымдалган.


Аталган факт шаардык милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ден соолукка келтирилген залалдын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандарынын өздүктөрү аныкталды. Алар, Ысык-Көл облусунун тургундары, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөлөрү катары турушкан 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И. болуп чыгышты.


16-январь күнү Балыкчы шаарына кире беришинде, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр бара жаткан унаа токтотулуп, колго түшүрүү иши турмушка ашырылды.


Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин, кылмышка шектүү катары кармалгандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн