Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ысык-Көлдө эне жана баланы өлтүргөн кылмышкер изделүүдө

Ысык-Көлдө эне жана баланы өлтүргөн кылмышкер изделүүдө

Ысык-Көл облусунда эне менен баланын жансыз денеси үйүнөн табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.


"Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБинин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып барган учурда үйдүн кире бериш бөлмөсүндө эне менен баланын башынан катуу нерседен жаракат алып, каза болгон жансыз денелери жаткан. Алдын-ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, кылмышка шектүү катары ушул эле айылдын жашоочусу аныкталып, азыркы учурда издөөгө алынды.


Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана облустук милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү жаранды издөө жана кармоо иш-чаралары улантылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн