Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ысык-Көлдө эртең аянтта каза болгон Үмүтбекке куран окутулат

15.10.2020 14:12
486
Ысык-Көлдө эртең аянтта каза болгон Үмүтбекке куран окутулат


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облус казысы Алмаз Сагындыковду кабыл алды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда Б.Түлөбаев облус аймагындагы мечиттерде 16-октябрда жума намаздан кийин, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна жана жалпы көзү өтүп кеткен ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутууну өтүндү.

Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жалпы дин кызматкерлерине Куранды баштан аяк окуп, жалпы эли журтубузга дуба кылууну буйруган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн