Кулжа 07, 2025
Убакыт: 16:41
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.095
1.125

Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн адистештирилген колл-борбор иштей баштады

09.07.2024 11:25
253
Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн адистештирилген колл-борбор иштей баштады


Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн туристтик милициянын колл-борбору ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын эң негизги милдети – ар бир меймандын коопсуздугу жана ыңгайлуулугун камсыздоо. Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы бардык маселелерде жардам көрсөтүүгө, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө жана облустун аймагында тартипти катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Туристтик-экологиялык милициянын адистештирилген колл-борбору туристтер үчүн төмөнкү байланыш номерлери аркылуу жеткиликтүү:

  • телефон: +996 705 009 102
  • WhatsApp: +996 705 009 102

"Ысык-Көлдөгү эс алууңуздун ар бир көз ирмеминен ырахат алыңыз. Биз сыймыктануу менен бардык коноктор үчүн жогорку деңгээлдеги кызматты жана колдоону улантабыз", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн