Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

17.09.2024 15:47
271
Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салынышы мүмкүн


Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу мыйзамын колдоду.


Аталган мыйзам долбоору парламентке июнда келип түшкөн.


Анын демилгечиси депутат Элдар Сулайманов Ысык-Көлдө гидроциклдер көп кырсыктап жатканына кабатыр болгон. Мындан улам ал гидроциклдерди колдонгону үчүн 20 миң сомго чейин айып салууну сунуштаган.


Ошондой эле эл өкүлү аталган транспорт адам өмүрүнө коркунуч туудурганы аз келгенсип, көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн