Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ысык-Көлдө ири экономикалык бизнес-форум өткөрүлөт

16.09.2020 15:01
1670
Ысык-Көлдө ири экономикалык бизнес-форум өткөрүлөт


Ысык-Көл облусунда 25-сентябрда ири экономикалык бизнес-форум өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди. 


Анын айтымында, бизнес форумга аймактагы ири ишкерчилик менен алектенген ишкерлер катышат. Ошондой эле, ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. 


"Бул форумда Ысык-Көл облусундагы заводдор жана ишканалар тууралуу айтып беребиз. Алар өндүргөн продукцияларды импорттук продукциянын ордуна колдонсо болот. Бул иш-чара ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоо максатында уюштурулууда", - деди ал.


Форумда бизнес түзүүнүн шарттары айтылып, бул аймактын киреше алып келүүчү секторлору тууралуу маалымат берилет. Мында ишкерлер арасында өз ара кызматташууга шарт түзүлөт. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн