Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө ижарачылар менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду

18.08.2023 11:58
548
Ысык-Көлдө ижарачылар менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду


Ысык-Көлдө скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августта Кош-Көл айылынын "Радуга Вест" эс алуу борборунун пляжында скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуяга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иштери козголду.

Мурда маалымдалгандай, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Алар скутердин ижарачылары - 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С. А. жана Б. Э., ошондой эле эс алуучулар - Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандары 55 жаштагы С. Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. болуп чыккан. Окуянын бардык катышуучулары Ысык - Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, алардан көргөзмөлөрү алынган.

Эки тарап тең арыз жазып, арыздары Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көргөзмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы - окуя скутер менен көлдүн үстүнөн айдагандын белгиленген убакыт боюнча талаш – тартыштан улам болгонун аныктады. Оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу 27 жаштагы С.Э. скутердин ижарачысы 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин башка скутердин ижарачылары эс алуучулар жаткан атасы менен баласын сабашкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында скутердин ижарачылары Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж., жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эс алуучулар сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн