Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун сабагандар кармалды (фото)

14.08.2023 10:26
310
Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун сабагандар кармалды (фото)


Чок-Тал айылында кафенин ашпозчусу сабалган. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, 13-августка караган түнү белгисиз үч адам бычак менен коркутуп, "Солнышко" пансионатынын аймагындагы «Медуза» кафесинин ашпозчусун сабап салышкан.


Жабыркаган 20 жаштагы Чүй облусунун тургуну облустук аймактык ооруканага жаткырылган.


Арыз бирдиктүү реестрге каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон.


Кылмышка шектүү катары Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы А.А. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.


Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн