Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көлдө каржы пирамидасын уюштурууга шектелип 7 аял кармалды

19.08.2020 14:39
1118
Ысык-Көлдө каржы пирамидасын уюштурууга шектелип 7 аял кармалды


Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында финансылык пирамида оюндарын уюштурганга шектелип 7 аял кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, алар мыйзамсыз 10 миллион сомдон ашык пайда көрүшкөн. Кармалган жарандарга 214-берене ("каржы пирамидаларын уюштуруу") менен иш козголгон.


Жабырлануучулар Балыкчы шаарында орун алган "Ырыскы" жана "Ак-Куу" каржы мекемелери ири пайызда үстөк төлөп берерин убадалагандан улам, аталган мекемелерге акча каражаттарын салышкан. Ыкчам иликтөө ишинде шектүү катары Балыкчы шаарынын тургундары 27 жаштагы Т. З., 28 жаштагы А.А., 38 жаштагы А.Ж., 31 жаштагы Т.Ч., 35 жаштагы Б.А., 51 жаштагы Б.Г., 55 жаштагы О.А. аттуу 7 аял кармалды. 18-август күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү аялдар 2-айга камак алынышкан.


Милиция кызматкерлери каржы пирамидасынын уюштуруучулары, көбүрөк кардарларды өздөрүнө тартуу үчүн, жаӊы тартылган кардарлардын эсебинен түшкөн акча каражаттарын алгач сүйлөшкөн пайыздык өлчөм менен төлөп келишкен. Андан кийин төлөмдөрдү токтотуп салышкан. Бүгүнкү күндө, эки каржы пирамидасы боюнча 143 арыз катталып, анын ичинен 132 тергөө жана 11 жоруктар багыттары боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле алданып калган кардарлардан арыздар дагы да түшүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн