Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны өттү

16.08.2023 13:23
310
Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны өттү


Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду.

Жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 50дөн ашуун өз ара сапарлардын жана биргелешкен иш-чаралардын болуп өткөнү, эки тараптуу мамилелердин позитивдүү өсүшүнөн кабар берерин билдирди.

“Жогорку деңгээлде болуп өткөн иштер эки тараптуу мамилелерге ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк статусун берүүгө күчтүү түрткү берди. Эми биздин алдыбызда жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу милдети турат”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оң тенденция байкалууда. Маселен, 2023-жылдын 5 айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3%га өсүп, ал 215,8 млн долларды түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан ар тараптуу кызматташууларын тереңдетүүгө бизнес чөйрөсү, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, ишкерлер кеңеши, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойноорун белгиледи.

“Өзбекстандагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү өз ишин баштады. Ошондой эле, эки мамлекет биргелешип автомобиль жана коммерциялык техникаларды чыгара турган объекттин курулушуна капсула салды. Мындан тышкары жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү, кичи жана орто гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилегим келет”, - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын суу-энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында эки тараптуу кызматташуунун оң тажрыйбасы бар. Учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол линиясын куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашууда. Ошондой эле, “Камбар-Ата 1” ГЭСин биргелешип куруу долбоору боюнча дагы иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө маданий-гуманитардык, билим-илим тармактарындагы кызматташууну жогорулатуу белгиленди.

Анда быйылкы жылы биргелешкен маданий иш-чараларды, тагыраагы ноябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоо пландаштырылууда.

Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн